ООРУ І Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Дарт, кесел, табы жоктук. Батмандап кирген оору мыскалдап чыгат (макал). Каныбек оорусунан абдан айыга элек (Жантөшев). 2. Сыркоо, ноокас, оорулуу. Ооруну сураса айыкканга тете (макал).
ООРУ ІІ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Ооруксунуу, сыздоо, чыдатпоо. Бүткөн боюмдун бардыгы кол тийгизбей.. ооруп калыптыр (Жантөшев). Катуу муштаса керек, дал ортом ооруп калыптыр. 2. Дартка, кеселге кабылуу, ноокастоо, сыркоолоо. Узак ооруду. Сасык тумоо менен ооруду.